"РСК Банк" эки кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы боюнча түшүндүрмө берди
"РСК Банк" эки кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, Бишкек шаарындагы кызматкер учурда дарыланып бүтүп, үйүнө чыгарылды. Ал ӨА жана ӨК тартиби жарыяланган учурда үйүндө аралыктан иштеп жаткан.
Чаткал районундагы филиалдагы экинчи кызматкер азыркы учурда Каныш-Кыя айылындашы ооруканада дарыланып жатат. Алар жамаат менен дагы, банктын кардарлары менен дагы байланышкан эмес.
"Бүгүнкү күнү "РСК Банктын" башка кызматкерлеринде инфекция менен ооруган учур жок”, - деп айтылат маалыматта.
Банк штаттык тартипте иштеп жатат жана калкка финансылык кызмат көрсөтүүнү улантууда. Кызматкерлер бардык зарыл болгон коргоо каражаттары менен камсыз кылыган. Бардык кеңселерде бөлмөлөрдү санитардык тазалоо күн сайын жүргүзүлөт.
Эске салсак, 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын учурунда "РСК Банкынын" эки кызматкери коронавирус жуктуруп алганын айткан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bank-eki-kyzmatkerinin-koronavirus-zhukturup-algany-boyuncha-tshndrm-berdi
Добавить комментарий ×