РСК Банк: "Бүгүнкү кошкон салымыбыз - эртеңки келечегибиз". Дүйнөлүк сактоо жумалыгы- 2018

27 октябрь 2018 17:00 1232 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

РСК банктын бардык филиалдарында "Дүйнөлүк сактоо жумалыгына" карата "Бүгүнкү кошкон салымыбыз - эртеңки келечегибиз" аттуу ураан менен иш-чаралар өткөрүлүүдө. 

23-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында Эсенгул Карасартов атындагы орто мектептин 7,10 жана 11-класстын окуучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана миграттардын балдарына арналган атайын ачык эшиктер күнү болуп өткөн. Балдарга банк кантип пайда болгону, кантип курулганы, сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти.

Окуучулар банкноталар кантип саналат, банкомат кандай болот деген өңдүү көптөгөн суроолорду беришти. Кызматкерлер ар бири өзүнүн бөлүктөрүн айландырып, түшүндүрүп беришти. Активдүү окуучуларга банктын жана Германиянын коргоо кассасынын фондунун атынан даярдалган белектер жана сыйлыктар ыйгарылды.

Ак-Талаадагы филиалдын артынан эле ачык эшиктер күнүн Бөкөнбаев айылында улантышты. Банк кызматкерлери Бөкөнбаев, Алтымышбаева жана Шамей атындагы мектептердин окуучуларын чаеырышты. Аларга коргоо кандай маанилүү экендиги, Дүйнөлүк коргоо күнүнүн тарыхы, кантип максатка жетүү керектиги жана туура максат коё билүү тууралуу айтып беришти.

Балдарды булар гана эмес кагаз акчадан кантип баш тартса болот, кантип банктын кызматкери болууга болот, пайыздар, төлөмдөр, эсептер кызыктырды. Жадакалса иш-чара учурунда чоң дискуссия жаралды.

Кийинки күнү ачык эшиктер Сүлүктү шаарында өткөрүлдү. Ага Сүлүктү шаарынын атайын толук билим берүүчү мектеп-интернатынын окуучулары катышты.

Төртүнчү иш-чара Чон-Алайда өттү, бул ирет конок болуп Алайчы уулу Саит атындагы мектептин 9-11-класстарынын окуучулары катышты.

2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы болгондуктан бул иш-чара дагы да уланмакчы. Кийинки кезекте: Өзгөн, Манас, Каинды, Каныш-Кия жана Араванда болмокчу. 

Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bank-bgnk-koshkon-salymybyz-erteki-kelechegibiz-djnlk-saktoo-zhumalygy-2018



Добавить комментарий