Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевди бошотуу тууралуу сунушун Жогорку Кеңештен 6 фракция колдоду

25 декабрь 2018 18:41 1357 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевге байланыштуу коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып келет. Мындай сөздөр бийлик алмашкандан бери “ Текебаев качан чыгат экен?” деген суроого алмашкандай туюлат. Экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго Өмүрбек Текебаевге ырайымдуулук берүүнү өтүнгөнү боюнча кайрылганын анын тарапташтары интернетке жазып чыгышкан. 

Бүгүн, 25-декабрда Жакшылык Бердибек уулу аттуу Facebook колдонуучу жеке баракчасына, Роза Отунбаеванын сунушун Жогорку Кеңештин 6 фракция колдогонун төмөндөгүдөй кылып жазып чыкты:

“Сүйүнчү! Экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайымдуулук берүү өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдоду.

1.Ата Мекен-А.Шыкмаматов

2.Өнүгүү-Б.Төрөбаев

3.Кыргызстан-А.Батырбеков

4.Бир Бол-А.Сулайманов

5.Республика-Ата Журт-Ж.Турускулов

6.СДПК-И.Өмүркулов

Эми президент Сооронбай Жээнбеков бул кайрылууга карата өз чечимин кабыл алат. Президент экс-президенттин жана 6 фракциянын чечимине кошулат деп терең ишенебиз.

Кыскасы эң негизгиси, эң маанилүүсү Өмүрбек Текебаев коррупцияга каршы күрөштө азыркы президентке жардам гана берет. Ошондуктан иш жакшы жагына баратат деп ойлойм.”

Мындай пост интернетте жамгырдай жааган пикирлер менен талкуу жаратууда.

Ссылка: https://barometr.kg/roza-otunbaevanyn-mrbek-tekebaevdi-boshotuu-tuuraluu-sunushun-zhogorku-keeshtin-6-frakciya-koldodu



Добавить комментарий