Роза Отунбаева дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын катарына кирди
Бөлүшүү:
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева гендердик саясатты өнүктүргөнү үчүн дүйнөнүн эң таасирдүү 100 адамынын катарына кирди. Аталган тизмени Apolitical аттуу Британиянын изилдөө уюму түзгөн. Рейтингди түзүү үчүн аталган уюм ишмердүүлүгү гендердик тең укуктуулукка көбүрөөк таасир эткен жана аны өнүктүрүүгө үлгү болгон адамдарды тандап алышкан.
Роза Отунбаева Евразия континентин тандалып алынган жалгыз саясатчы. Ал тизмеде экс-президенттен тышкары Франциянын президенти, Канаданын өкмөт башчысы, Щвециянын тышкы иштер министри, Лондондун мэри жана башкалар бар.
Ссылка: https://barometr.kg/roza-otunbaeva-djndg-e-taasird-100-adamdyn-kataryna-kirdi
Добавить комментарий ×