Россиянын офицерлер тобу Кыргызстандагы "Кант" авиабазасына учуп келүүгө камданып жатат

9 октябрь 2020 10:20 1459 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын офицерлеринин тобу Кыргызстандын аймагында жайгашкан орусиялык "Кант" авиабазасына учууга камданып жатышканы маалым болду. Бул тууралуу Lenta.ru. агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Агенттиктин маалыматы боюнча, аскер кызматкерлеринин сапарынын максаты - резервдик байланыш каналын түзүү. 

«Ушул кезге чейин авиабазанын аскер кызматкерлери байланышты уюштуруу үчүн жергиликтүү бийликтин ресурстарын колдонушкан. Жаңы канал түзүү зарылдыгы Кыргызстандагы акыркы окуялар менен байланыштуу ", - деп жазат орусиялык басылмалар.

Ошол учурда Россиянын президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандагы "башаламандыкка" кырдаалга Кремль кабатыр экендигин айткан.

 Бир күн мурун Кремль Сооронбай Жээнбеков азыр Кыргызстандын президенти деп айтып, "калгандары ички диалогдун маселеси экендигин" баса белгилеген.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyanyn-oficerler-tobu-kyrgyzstandagy-kant-aviabazasyna-uchup-kelg-kamdanyp-zhatat



Добавить комментарий