Россиянын Кыргызстандагы элчиси алмашты

30 январь 2019 18:22 1986 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Кыргызстандагы элчиси алмашты. Мындай маалымат Россия Федерациясынын расмий улуттук порталына чыкты.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси болуп буга чейин иштеп келаткан Андрей Крутьконун ордуна Николай Удовиченко дайындалган.

57 жаштагы орус дипломаты Николай Удовиченко буга чейин Россиянын Нигериядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп иштеген.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси кызматын 2012-жылдан бери Андрей Крутько аркалап келген.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyanyn-kyrgyzstandagy-elchisi-almashty



Добавить комментарий