Россиянын Кремль сарайында Кыргызстандын койгон концерттин кимдер даярдаган
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын урматына Москвадагы Кремль сарайында Кыргызстандын атынан коюлган концерттик программаны даярдап чыккандар тууралуу маалымат таратта.
Белгилей кетсек, 27-февралда Россиянын Мамлекеттик “Кремль” сарайында “Кыргызстан жана Россия: эриш –аркак мамилелер жылынын” салтанаттуу аземи өтүп, ага президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин катышкан.
Салтанаттуу иш- чарага Кыргызстандан 200дөн ашуун чыгармачылык топтун өкүлдөрү катышты. Алар кимдер:
Көркөм жетекчилер:
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Султан Раев жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер Кайрат Иманалиев.
Башкы режиссёр:
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынбек Максутов.
Режиссёр-коюучу:
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаев.
Сценарийин жазган:
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер Зайнидин уулу Улан.
Концерттик программага катышкан солисттер:
СССРдин эл артисти, комузчу Самара Токтакунова, Кыргыз эл артисттери Саламат Садыкова, Керим Турапов, белгилүү манасчы Самат Көчөрбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Асель Бекбаева жана Тилек Найманбаев, эл аралык сынактардын лауреаттары Айзирек Момунова, Талант Токомбаев, Улукбек кызы Нурчолпон жана комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери Заира Раимбекова, Данияр Дөөлөтбаков жана Нуржигит Асанов, ошондой эле эң кенже катышуучу М. Абдраев атындагы музыкалык мектебинин окуучусу Мырзайым Токтосунова.
Катышкан чыгармачылык коллективдер:
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хору - башкы хормейстри Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев;
Н. Тугелов атындагы Мамлекеттик “Ак марал” бий ансамбли - башкы балетмейстери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анаркуль Нургалиева;
Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этногорафиялык ансамбли – көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Кыргыз Республикасынын эл артисти Рысбек Жумакунов;
Бишкек шаарынын эл аспаптар оркестри – көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Тилегенов;
“Акак” комузчулар ансамбли - көркөм жетекчиси Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ирина Суеркулова.
Ошондой эле, концертти Россиянын П.И. Чайковский атындагы Мамлекеттик академиялык чоң симфониялык оркестри коштоду.
Оркестрге Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахатбек Осмоналиев дирижёрлук кылды.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyanyn-kreml-sarajynda-kyrgyzstandyn-kojgon-koncerttin-kimder-dayardagan
Добавить комментарий ×