Россиянын дагы бир футболчусу Кыргызстандын жарандыгын алып, улуттук курамада ойнойт

1 февраль 2023 10:26 559 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москванын “Динамо” клубунун оюнчусу Андрей Хрипков Кыргызстандын жарандыгын алып, Эл аралык футбол федерациясынан (ФИФА) Кыргызстандын улуттук курамасында ойноого уруксат бере турган расмий документти күтүп жатат. Бул тууралуу Match TV телеканалына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Белгилей кетсек, Хрипков Кыргызстанда туулуп Кыргызстандын жаштар командаларында ойногон. Бирок анын карьерасында көбүнчө орусиялык клубдар болгон. Январь айында 32 жаштагы футболчу “Машук-КМВ” клубунан Кыргызстандын "Дордой" клубуна өткөн. 

“Хрипков керектүү документтерди чогултуп, жарандык алып, Кыргызстандын курама командасына ойноого даяр.Эми ФИФАдан тастыктоо күтүлүүдө, документ февралдын ортосуна чейин даяр болушу керек», - деп айтылат маалыматта.  

Буга чейин, Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин "Матч ТВ" телеканалына берген маегинде Тула "Арсеналынын" дарбазачысы Антон Коченков Кыргызстандын жарандыгын алып, өлкөнүн улуттук курамасында ойной турганын билдирген.  
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyanyn-dagy-bir-futbolchusu-kyrgyzstandyn-zharandygyn-alyp-uluttuk-kuramada-ojnojt



Добавить комментарий