Россиянын балдар омбудсмени кыргызстандык келинге жардам берди

14 январь 2020 12:43 1765 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын президентинин алдындагы Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Анна Кузнецовага Кыргызстандын жараны кайрылып, эки кичинекей баласы менен турмуштун оор кырдаалына кабылганын, балдары менен жашап турганга убактылуу турак-жай менен камсыз кылууну суранган. Бул тууралуу Кыргызстандын Акыйкатчысынын маалымат кызматы билдирди.

Россиянын Балдар Омбудсменинин басма сөз кызматы маалымдагандай, аял Россияга күйөөсү менен боюнда бар кезинде келген, көп өтпөй күйөөсү аялын колунда акча-тыйыны жок, ижарага алган бөлмөгө калтырып, мекенине кеткен.

2019-жылы ноябрь айында аял эгиз кыз төрөгөн, бирок бир ай боло элек жатып ымыркайлардын дене табы көтөрүлүп, Москвадагы клиниканын бирине жеткирилген. Ошол эле учурда үй ээси аялга ижарага бөлмө берүүдөн баш тартат.

Балдар ара төрөлгөндүктөн, учурда Кыргызстанга учуп келүү тобокелчиликти туудурат. Ал эми башка бөлмө алууга акчасы болбогондуктан, балдар омбудсменине жардам сурап кайрылган.

Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кайрымдуулук фонддун бирине кайрылган. Азыр ал жакта жаш эне ымыркайлары менен маселе чечилгенче убактылуу баш паанек кылып жатат. Балдар омбудсмени Анна Кузнецова Кыргызстан менен түзүлүп, аракеттеги меморандумдун алкагында мындан ары колдоо көрсөтүү боюнча бул үй-бүлө тууралуу маалыматты Кыргызстандын Акыйкатчысына берди.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyanyn-baldar-ombudsmeni-kyrgyzstandyk-kelinge-zhardam-berdi



Добавить комментарий