Россиялык дарыгерлер аймактарга барып бейтаптарды дарылашат (Сүрөт)

24 июль 2020 09:55 1441 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вице-премьер-министри Аида Исмаилова Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиологиялык илимий-изилдөө институтунун Федералдык бюджеттик илимдер мекемесинин клиника-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары, профессор Наталья Пшеничная, ошондой эле Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык дарыгерлердин тобу менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Россиялык делегация КРнын Саламаттык сактоо министрлигине 50 миң иликтөөгө керектелген ПЧР-тесттерди жана реагенттерди берди.

Россиялык дарыгерлердин тобунда реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар, алар аймактарга барышып, жеринде коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоого катышат, ошондой эле аймактардагы дарыгерлер үчүн вебинарларды өткөрүшөт.

«Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, россиялык тараптын колдоо көрсөтүүсү эки өлкө элдери ортосундагы чыныгы достук жана бир туугандык мамилелердин далили катары саналат жана ал россиялык дарыгерлерге, Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Россия Федерациясынын элчилигине COVID-19 каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууга КРнын Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана өлкөнүн медициналык мекемелеринин жетекчилери катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyalyk-darygerler-ajmaktarga-baryp-bejtaptardy-darylashat-srt



Добавить комментарий