Россияга кыргызстандыктардын кирүү тартиби 10-июлдан тартып өзгөрдү
Бөлүшүү:
Россияга кыргызстандыктардын кирүү тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россиянын элчилигинен маалымдашканын “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, 10-июлдан тартып кыргызстандыктар жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон башка мамлекеттердин жарандары Россияга кирүүдө “COVID-19суз саякаттайм” деп аталган тиркеме аркылуу ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүүгө тийиш.
Тест Россияга барганга чейин 72 сааттан кем эмес убакытта алынуусу кажет.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyaga-kyrgyzstandyktardyn-kir-tartibi-10-iyuldan-tartyp-zgrd
Добавить комментарий ×