Россиядан Кыргызстанга 6 бала алынып келинди

28 май 2019 11:31 1253 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиядан Кыргызстанга 2019-жылдын 27-майында 6 айдан 1,5 жашка чейинки 6 бала алынып келинди. Аларды Москвадагы мекендештер медициналык мекемелерге калтырып кеткен. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Балдарды алып келүү иштерин Кыргыз Республикасынын элчилигинин Россия Федерациясындагы Консулдук бөлүмү жана КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги уюштурду. Кыргызстанга келгенде 1 бала туугандарына берилди.

Башка балдардын туугандарын издөө, берүү иштерин министрлик жүргүзмөкчү.  

Министрликтин маалыматына караганда 2011-жылдан бери ата-энесинен кароосуз калган 98 бала мекенине кайтарылса, 2018-жылы 16, 2019-жылы 6 бала алынып келинген.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadan-kyrgyzstanga-6-bala-alynyp-kelindi



Добавить комментарий