Кыргызстанга Россиядан буудай келип баштады
Россиядан келишимдик негизде сатып алынган буудай Кыргызстандын аймагына жеткириле баштады. Өлкөгө 15 вагон – 1028 тонна буудай Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампасына түшүрүлдү. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүм билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россиянын азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.
Ушул аптанын ичинде дагы 36 вагонго жүктөлгөн буудай темир жол аркылуу Кыргызстанга жеткирилет. Ал эми калган бөлүгү май айынын аягына чейин келет.
Учурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өкмөттүн тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар/абал режими киргенден бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 5 миң тоннадан ашык ун жана 150 тонна шекер бөлүнүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadan-kelishimdik-negizde-satyp-algan-buudaj-lkg-zhetkirile-bashtady
Добавить комментарий ×