Россиядагы мигранттар үчүн эрежелер катаалдаштырылды
Россиядагы мигранттарүчүн эрежелер катаалдаштырылды. Бул тууралуу Россиянын федералдык мигранттык кызматы билдирди. Жаңы эрежелерге ылайык, Россияга келген эмгек мигранттары жашаган жерине гана каттоого тураалат. Мурда иш берүүчулөр мигранттарды мекеменин юридикалык дареги боюнча каттоого укуктуу болгон.
Мындай талаптар кыргызстандыктарга да тиешелүү. Эгерде мигрант вагондо жашаса, ошол жерге катталышы шарт. Москва шаарында жана Москва облусунда батирлердин кожоюндары чет өлкөлүктөрдү өздөрүнүн үйүнө каттабайт.
Укук коргоочу ВалентинЧупик, жаңы эрежелерди киргизүү менен Россия бийлиги иш берүүчулөрдөн жоопкерчиликти алып, мигранттарды кыйын абалга калтырганын белгилейт.
Миграциялык мыйзамды бузгандар үчүн административдик чаралардан тартып, депортацияга чейинки жазага тартуу каралган.
Белгилейкетсек, Россияда 650 миңге жакын кыргызстандык бар. 70 миңге жакын жаран каратизмеге кирген. Аларга Россиянын аймагына кирүүгө убактылуу тыюу салынган.Москвадагы Кыргызстандын мамлекеттик миграциялык кызматынын өкүлчүлүгү миграциялык каттоонун жаңы эрежелери боюнча түшүндурмө берүү суранычы менен Россиянын тиешелүү органдарына кат жөнөттү. Жооп келери менен Федерациянын аймагындагы биздин жарандардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштайт.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadagy-migranttarchn-erezheler-kataaldashtyryldy
Добавить комментарий ×