Россиядагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 36 жаштагы кыргыз жараны кулап каза болду

30 сентябрь 2020 16:42 2162 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россияда көп кабаттуу үйдөн кулап кетип кыргызстандык 36 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Каза болгон жигит үй-бүлөлүү, артында  1 жашка чыга элек кызы жана жубайы калды.

«Каза болгон кыргыз жараны 36 жашта болгон. Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал айылында туулган. Россияда иштегенине бир жылдан ашык убакыт болгон. Өткөн жумада ал көп кабаттуу үйлөрдүн жанына кулап түшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, ал тез жардам келгенге чейин көз жумган. Азыр Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин юристтери жана жергиликтүү полиция кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Өлүкканадан анын мээсине кан куюлуп кеткенин билдиришкен. Бирок, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин белгилүү болот”, - деп айтылат маалыматта.

“Барометрге” өздүк булактар берген маалымат боюнча, каза болгон жарандын сөөгүн алып келүүгө Россиядагы мекендештер акча чогултуп беришкен.


Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadagy-kp-kabattuu-jlrdn-birinen-36-zhashtagy-kyrgyz-zharany-kulap-kaza-boldu



Добавить комментарий