Россияда учакка жасалма билет сатып жүргөн жаран кармалды

23 январь 2019 12:21 1620 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Россияда жасалма билеттерди жасап, сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

2018-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө жаңы жыл алдында Москва-Бишкек, Москва-Ош каттамы аркылуу учкан авиарейсинен аларды түшүрүп койгондугу боюнча нааразычылык менен кайрылышкан. Билеттерди текшерүү учурунда алар жасалма   болуп чыккан. Алдамчылык иш-аракеттеринен жабыркагандардын саны 20 адамдан ашкан.

Бул факты боюнча КРнын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө билеттерди сатып алдамчылык менен алектенген шектүүнүн өздүгү такталып, ал  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 1995-жылы туулган Р.Р. аттуу жашоочусу болуп чыккан. Аныкталгандай, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2018-жылдын сентябрь айында  авиабилеттерди сатуу боюнча компаниянын жумушчусу болуп иштей баштаган. Болжолдуу маалымат боюнча ал жумуш учурунда жасалма авиабилеттерди жасап берип, маалымат топтомуна киргизбей, авиабилеттерден түшкөн 700 000 рубльдан ашык акча каражатын ээлеп алган.

Москва шаарынын Замоскворечье району боюнча бөлүмгө жалпысынан жасалма авиабилеттерди сатууга байланышкан алдамчылык иш-аракети фактысы менен 23 арыз  катталган. Жогорудагы факты боюнча Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 2,3-бөлүмдөрү (өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган жактын алдамчылык жасоосу) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Р.Р. аттуунун кайда жүргөндүгү аныкталып,  2019-жылдын 21-январь күнү Москва облусунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда жабыр тарткандар такталып, бул иш боюнча иликтөө иштери журүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-uchakka-zhasalma-bilet-satyp-zhrgn-zharan-karmaldy



Добавить комментарий