Россияда суунун жээгинен 28 жаштагы кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды
Россиянын Ленинград аймагынын Фин булуңунун жээгинен 28 жаштагы кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленинград облустук куткаруу кызматынын сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, кыргыз жаранынын сөөгү 25-апрель күнү табылган.
“Ленинград облусуна караштуу Ермилов айылынын жашоочулары жээкте азиат улутундагы адамдын жансыз денеси жатканы тууралуу 25-апрелде милицияга кабарлашкан.
Жансыз денени кароо учурунда, маркум 28 жаштагы кыргыз жараны экени аныкталды. Каза болгон жаран Россиянын Ивановка облусуна катоого турганы маалым болду.
Учурда анын өлүмүнүн жагдайлары аныкталууда ”, - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-suunun-zheeginen-28-zhashtagy-kyrgyz-zharanynyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×