Россияда кыргызстандыктар түшкөн автобус кармалды
Бөлүшүү:
Россиянын Красноярск шаарында мамлекеттик автоинспекторлор техникалык жактан бузугу бар автобусту кармашты. Россиянын ЖМКлары берген маалыматка таянсак, анда Кыргызстандын жарандары болгон.
Россиянын Ички иштер министрлигинин Красноярск крайы боюнча башкармалыгы кабарлагандай Северное шоссесинде Красноярск-Бишкек багытындагы автобус кармалган.Анда 33 жүргүнчү болгон. Унаанын тормозу бузук, жарыктары күйгөн эмес. Мындан тышкары ар кандай моделдеги дөңгөлөктөр менен бара жаткан.
Унаа айып аянтына токтотулду.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-kyrgyzstandyktar-tshkn-avtobus-karmaldy
Добавить комментарий ×