Россияда кыргызстандыктар үчүн миграциялык мунапыс жарыяланды

22 март 2019 12:53 3402 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россияда Кыргызстандын жарандары үчүн миграциялык мунапыс жарыяланды. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилиги маалымдады.

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик иш сапарынын алдында Россия тарап Кыргызстандын жарандарына мунапыс берүү чечимин кабыл алган.Бул тууралуу 21-мартта Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова билдирди.

Миграциялык мунапыс учурунда Россияда миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн Кыргызстандын жарандары 2019-жылдын 22-апрелине чейин административдик жоопко тартылбастан өлкө аймагына кирип-чыга алат.

Эскерте кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик иш чапар менен 28-мартта келет.

    

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-kyrgyzstandyktar-chn-migraciyalyk-munapys-zharyyalandy



Добавить комментарий