Россияда кыргызстандык таксисттин сүйүүсү тууралуу тасма тартылды

1 октябрь 2021 10:26 1279 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Музыкант Василий Зоркий “Кош бол” деп аталган кыска метраждуу даректүү тасманы тартты, анда кыргызстандык таксист жана москвалык кыздын сүйүүсү тууралуу баяндалат. Тасма режиссердун YouTube каналында жарыяланганын “Барометр” маалымдайт.

«Ася менен Жаныбек таксиде таанышкан. Жаныбек Москвага Кыргызстандан иштөө үчүн келген. Алар бири-бирин жактырып калып, үйлөнүшөт. Бир нече жылдан кийин Жаныбектин Россияда жүрүүсүнө тыюу салынат жана Асия аны менен кетет. Бул баян алар тууралуу”,-деп жазды авто фильм жөнүндө.   

Фильм 23 мүнөткө созулат. Бул жерден Кыргызстандын кооз пейзаждарын көрүүгө болот.  

Тасманын режиссеру Василий Зоркий, оператору Адель Дзиваева, музыкасы  «Зоркий» тобунуку.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-kyrgyzstandyk-taksisttin-sjs-tuuraluu-tasma-tartyldy



Добавить комментарий