Россияда кыргыз жараны жол кырсыгынан каза болуп, анын сөөгүн мекенине алып келиш үчүн документтер даярдалууда
Бөлүшүү:
Россияда кыргыз жараны жол кырсыгынан каза болуп, анын сөөгүн мекенине алып келиш үчүн документтер даярдалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди. Берилген маалыматтарга ылайык, каза болгон жаран 1967-жылы туулган аял киши. Окуя 16-сентябрда Россиянын Рязанск облусунда болгон. Айдоочу менен бирге алты жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышкан. Учурда кырсыктан жабыркагандардын өздүгү такталууда.
Добавить комментарий ×