Россияда коомдук жерде өзүнө мастурбация жасаган кыргыз жаранды 10 күнгө камашты
Бөлүшүү:
Россиянын Южно-Сахалинск шаарында кичи автобустун ичинде өзүнүн кумарын өзү кандырып жаткан кыргызстандык жаран кармалды.
Бул тууралуу Сахалин-Курилы маалымат сайты жазды.
Анда айтылгандай, 25-ноябрда жүргүнчү ташыган кичи автобустун ичинде өзүнө мастурбация кылган адам кармалган. 27-ноябрда полиция ага карата протокол түзүп, ишти сотко өткөргөн. Сотто ал күнөөсүн моюнуна алган. Сот аны коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 10 күнгө камоого алды.
Добавить комментарий ×