Россияда эмгектенип жүрүп дайынсыз болуп жаткан эки кыргыз жараны изделүүдө
Россияга эмгек мигранты болуп кетип, туугандары менен байланышпай дайынсыз болуп жаткан эки кыргыз жараны изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгон 2 жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Тешебаев Рахимжан Тойчубаевич, 1976-жылы 26-октябрда туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 2009-жылы туугандары менен байланышпай калган, акыркы жолу Москва облусунун Талд шаарында эмгектенген.
Колдошова Астракан Токтосуновна, 1977-жылы 22-апрелде туулган, Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, туугандары 2021-жылдын 6-январь айынан бери Москвадан издөөдө, жумушуна кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгү жогоруда көрсөтүлгөн жарандар боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билген болсо мекендештерден +7(926) 890-87-00 (WhatsApp) ишеним телефону аркылуу билдирип коюну суранат.
“Дайынсыз жоголгондорду издөө бул ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүнүн бүтүндөй бир багыты болуп эсептелет. Кайда жүргөндүгү бир нече убакыттан бери белгисиз болуп, чет мамлекетте дайынсыз жоголгон туугандарын издөө үчүн ички иштер органдарына кайрылган жарандар аз эмес. Айрым учурларда мындай окуялар тыкыр иликтөөнү талап кылат.
Дайынсыз жоголгон же туугандары менен байланышты үзгөн жарандардын кайда жүргөндүгүн аныктоо үчүн маалыматтык-аналитикалык камсыздалуу зарыл. Издөөгө алынган же дайынсыз жоголгондорду издөөнүн натыйжалуулугу өз убагында жана сапаттуу зарыл болгон маалыматтарды топтоодон, аны талдоодон көз каранды болот. Мындай иштерди иликтөөдө жаралган оорчулуктун себептеринин бири болуп төмөнкүлөр эсептелет: жарандардын өз убагында кайрылбоосу, жашаган жерин тез-тезден алмаштыруусу, өз укуктарын түшүндүрүү боюнча кыйынчылыктар, айрымдар кармалып калгандыгын айтууну каалабаган же корккон жарандар бар”, - деп айтылат маалыматта
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-emgektenip-zhrp-dajynsyz-bolup-zhatkan-eki-kyrgyz-zharany-izdeld
Добавить комментарий ×