Россияда эки кичинекей кыз ысыктан улам унаанын ичинде көз жумду

5 июль 2021 09:17 1642 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ростов областындагы Каменский районунда үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган унаага эки кичинекей кыз  ойноп түшө калып ысыктан улам каза табышты. Бул тууралуу РИА Новости булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Тергөө берген маалыматка таянсак, 2017 жана 2019-жылы туулган эки кыз үйдун короосунан анча алыс эмес жерге токтогон унаага ойноп жүрүп түшүп алышкан. Апасы аларды таба албай полиция чакырткан. Издөө маалында кыздар унаада каза тапканы белгилүү болду.

“Алдын ала иликтөө көрсөткөндөй кыздардын өлүмүнө ысык температура себеп болгон”,-деп айтылат полиция берген маалыматта.

Ростов областында учурда +40 градус ысык болуп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-eki-kichinekej-kyz-ysyktan-ulam-unaanyn-ichinde-kz-zhumdu



Добавить комментарий