Россияда борбордук банкттан өрт чыкты

25 август 2018 17:05 1437 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россияда борбордук банкттан өрт чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар аталган шаардын өзгөчө кырдаал министрлигинин маалыматына таянып билдирет. 

Маалым болгондой, Неглинная көчөсүңдө жайгашкан алты кабат үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал эми тилсиз жоо 4-кабаттан чыккан.  Өрттү өчүрүүгө  ӨКМнин  26 өрт өчүрүүчү унаасы жана 92 адам  тартылып жеринен өчүрүшкөн. Өрттөн 30 чарчы метр жер күйүп кеткен. Кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-borborduk-bankttan-rt-chykty



Добавить комментарий