Россияда болгон чатакта кыргызстандыктар кармалды

25 октябрь 2021 10:30 2381 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Санкт-Петербург шаарында мигранттар мушташты. Бул тууралуу riafan.ru булагына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, мушташ кечээ Фрунзе районунда болгон. Мигранттар Түштүк шоссесинде дөңгөлөк монтаждоочу жана фасфуд чыгаруучу жайлардын жанында мушташа кетишкен.

Укук коргоо органдары Кыргызстанда туулган 19-30 жаштардагы үч жаранды кармашты. Алардын эң жашы -19 жаштагы жаран Санкт-Петербургда каттоого турбай, миграциялык мыйзамды бузуп жүргөнү дагы аныкталды.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын август айынан октябрь айына чейин эле эң аз дегенде 11 ирет эмгек мигранттары чатакташкан.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-bolgon-chatakta-kyrgyzstandyktar-karmaldy



Добавить комментарий