Россияда Ан-2 учагы 6 жүргүнчүсү менен жоголду
Россияда Ан-2 учагы ичиндеги 6 жүргүнчүсү менен кошо жоголуп кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министригине шилтеме берип “Барометр” которду.
Кечээ, 19-июлда “Феникс” авиакомпаниясынын Ан-2 учагы эки экипаж мүчөсү жана төрт жүргүнчүсү менен жоголуп кетти.
Учак Бурятия Республикасынын Кырен айылынан Иркутск облусуна жөнөгөн. Кечээ учак аэропорттон учкандан 6 саат өткөндөн кийин алар менен байланыш үзүлгөн.
Учурда аларды издөөгө дагы 3 учак тартылды.
“Феникс” компаниясынын учагы бара турган жери маалым болгондугуна байланыштуу, изделе турган жер белгилүү болду.
“Учак Бурятиянын Тункинск жана Окинск райондорун залансыздардыруу үчүн маршрутун түзүп жаткан”, - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-2-uchagy-6-zhrgnchs-menen-zhogoldu
Добавить комментарий ×