Россияда 19 жаштагы хоккейчи башына шайба тийип каза болду
Санкт-Петербургда Жаштар хоккей лигасынын “Динамо” клубунун капитаны жана коргоочусу Тимур Файзутдинов башына шайба тийип, реанимацияда көз жумду. Бул тууралуу “ИЗВЕСТИЯ” агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
19 жаштагы хоккей оюнчусу 12-мартта Ярославдын “Локомотив” клубуна каршы беттеште башынан катуу жаракат алган. Оюун учурунда шайба Тимур Файзутдиновдун башына тийип, ал ошол жерден дароо жыгылган.
Файзутдиновдун атасынын айтымында, ал дароо Ярославдагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Ал бир нече күндөн бери комада жаткан.
Маалым болгондой, үч күн бою дарыгерлер спортчунун өмүрү үчүн күрөшкөн. Дарыгерлердин аракетине карабастан, 16-март күнү хоккейчи өзүнө келе албай каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-19-zhashtagy-hokkejchi-bashyna-shajba-tijip-kaza-boldu
Добавить комментарий ×