Россияда 1-августтан баштап эл аралык аба каттамдар жанданат
Бөлүшүү:
Россияда 1-августтан баштап эл аралык аба каттамдар ишке киришет. Бул тууралуу Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустинге шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Россияда 1-августтан тарта эл аралык аба каттамдары иштер баштайт.
Маалыматка ылайык, алгач үч өлкө - Улуу Британия, Түркия (Анкара, Стамбул) жана Танзиния менен болгон аба каттамы жандандырылат.
«Алгачкы эл аралык каттамдар боюнча учактар Москва, Санкт-Петербург жана Ростов-на-Дону шаарларындагы аэропорттордон учат. Ал эми 10-августтан тарта Түркиянын Анталья, Бодрум жана Даламан шаарларына учактар учуп баштайт», — деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-1-avgusttan-bashtap-el-aralyk-aba-kattamdar-zhandanat
Добавить комментарий ×