Россия Кыргызстанга аба каттамдарынын санын көбөйтөт
27-августтан тартып Россия Венгрия, Кыргызстан, Тажикстан жана Кипрге өзүнүн авиа рейстеринин санын көбөйтөт. Бул тууралуу коронавирус боюнча жагдайды көзөмөлдөө тууралуу ыкчам штаб кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.
Жайдын соңунан тартып Кыргызстанга Москва-Бишкек каттамы боюнча учуп келүүгө болот. Аталган каттам боюнча учактар эми аптанын жети күнү бою учурулат. Буга чейин ал жумасына үч күндөн каттачу.
Бишкек жана Ош шаарына Новосибирск, Красноярск, Казань, Екатеринбург, Иркутск, Грозныйдан аптасына бир каттам учуп келмекчи.
Эскерте кетсек, көпчүлүк эл аралык каттамдар COVID-19 пандемиясы башталган кезде токтотулган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-kyrgyzstanga-aba-kattamdarynyn-sanyn-kbjtt
Добавить комментарий ×