Россия Кыргызстанга 200 миң доза "Спутник Лайт" вакцинасын жеткирет

27 октябрь 2021 12:25 1723 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы 200 миң доза "Спутник Лайт" вакцинасын жеткирет. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россиянын элчилигинен маалымдашканын “Барометр” кабарлайт.  

Россиянын өкмөтү 1,2 миллион долларды препаратты жеткирүүгө жана сатып алууга бөлүп берет.

Гуманитардык көмөк Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин линиясында кайтарымсыз негизде берилет. Дары качан келери азырынча белгисиз.

“Спутник Лайт”- «Спутника V» вакцинасынын биринчи компоненти болуп саналат. Анын натыйжалуулугу 79,4 пайыз деп эсептелет.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-kyrgyzstanga-200-mi-doza-sputnik-lajt-vakcinasyn-zhetkiret



Добавить комментарий