Россия кыргызстандыктардын жарандык алуусу жөнөкөйлөштүрдү

29 март 2019 12:00 13324 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн схема менен ала турган мыйзам күчүнө кирди. Аталган документке Россиянын президенти Владимир Путин тарабынан кол коюлгандан бери 90 күн өттү. Бул тууралуу «РБК» маалымдады.

Бул оңдоолорго ылайык коомдук-саясий жана экономикалык жагдайы кыйын, режим алмашкан, куралдуу конфликтер болгон өлкөлөрдөн келген жарандарга Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн схема менен сунуштоо каралган.

 “Жарандыкты алуунун жөнөкөйлөтүлгөн түрү боюнча мыйзамга ылайык жашаган жеринин болушу жана акыркы беш жылда Россияда үзгүлтүксүз жашап жүргөндүгү боюнча талаптар каралбайт”,-деп айтылат маалыматта.

Бир катар учурларда Россияда жарандын жашап-жашабаганы тууралуу милдеттер таптакыр сакталбайт же болбосо бир жылдан үч айга чейин жашганы жетиштүү болмокчу. Ошол эле маалда документти кароо алты айга чейин кыскартылды.

Белорусия, Казакстан жана Кыргызстандан барган жарандар үч айга чейин аталган өлкөдө жашаганы чын болсо жарандык алууга жетиштүү болмокчу.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-kyrgyzstandyktardyn-zharandyk-aluusu-zhnkjlshtrd



Добавить комментарий