Россия курулуш иштерине эмгек мигранттарын ташып келүү алгоритмин иштеп чыкты
Мигранттар Россиянын курулуш объектилерине бир нече жылдан кийин гана кайтып келиши мүмкүн. Мигранттардын агымын калыбына келтирүүгө COVID-19 пандемиясы жана экономикалык факторлор тоскоол болууда. Бул тууралуу “РИА Новости” жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Россиянын бийлиги COVID-19 пандемиясынан улам чет өлкөлөрдөн келген куруучулардын жетишсиздигин бир нече жолу жарыялаган.
Январь айында президент Владимир Путин өкмөткө эмгек мигранттарын курулуш объектилерине тартууну жөнөкөйлөтүү маселесин карап чыгууну тапшырган, андан кийин, Курулуш министрлиги аларды чек арадан ташып келүү механизмин иштеп чыккан жана түзгөн.
Москва бийлиги эми жумуш издеген жарандарды чет өлкөдөн ташып келүү боюнча бекитилген алгоритмин колдонушу үчүн, туруктуу каржылык мүмкүнчүлүктөрү бар ири компаниянын статусун тастыктоосу керек.
“Жакынкы аралыкта мигранттардын агымын калыбына келтирүү кыйынга турат жана бир нече жыл талап кылынышы мүмкүн.
Алардын Россияга келишинин негизги себептеринин бири - бул тапкан акчасынын бир бөлүгүн үй-бүлөсүнө пайдалууга жөнөтүү мүмкүнчүлүгү. Ошондуктан экономикалык фактор маанилүү болуп калат. Рублдин курсу, баанын динамикасы да таасир берет. Азыр буга байланыштуу кырдаал мигранттардын күткөнүнө бир аз дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштери боюнча акыйкатчы Дмитрий Котровский курулуш мигранттарынын Россияга кайтып келишинин кыйынчылыктарын жашоо-шарттардын кымбатташы менен байланыштырды.
"Эгерде жашоо шарттар кымбаттап кетсе, билеттер кымбаттаса, анда, алар биздин өлкөнүн рыногуна таптакыр кызыкдар болушпайт", - деди Котровский.
Добавить комментарий ×