Россия менен Казакстан чек арасынан Кыргызстанга кете албай жаткандарга жардам берилди

20 март 2020 10:31 540 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасында чогулган КРнын жарандарына байланыштуу кырдаал боюнча Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти төмөндөгүлөрдү билдирди.

Казакстан Республикасында 2020-жылдын 16-мартынан баштап коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилип, россия-казакстан мамлекеттик чек арасынан автоунаа менен өтүүгө тыюу салынган.

2020-жылдын 17-мартында Оренбург шаарындагы КРнын Ардактуу консулу «Сагарчын» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктуна барып, россия жана казакстан тарабынан чек аралардын жабылышы тууралуу ошол жердеги КРнын жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, РФнын аймагына кайтып, чектөө киргизилген мезгил аягына чыкканга чейин күтүү же авиакаттамдар токтотулбай, жүрүп турган мезгилде авиа байланыш аркылуу Кыргызстанга кайтуу сунуштарын киргизген.

Ошондой эле Бишкекти карай жөнөөчү темир жол менен Бишкекке чейин билеттин жарым акчасына КРнын жарандарын алып кетүү тууралуу келишим түзүлүп, күтүп жаткан жарандардын 30га жакыны  аталган поездге отуруп кетишкен, ал эми калгандары Кыргызстан менен авиабайланышы бар Россиянын шаарларына авиакаттамдар аркылуу кетүү үчүн багыт алышкан.

Азыркы кезде Элчилик, Оренбург шаарындагы Ардактуу Консулдук жана кыргыз диаспорасынын күчү менен жарандарга тамак-аш жана  алар менен иш алып баруу боюнча дежурлук уюштурулууда. Жеринде  КРнын РФдагы Элчилигинин Консулу жана Оренбург шаарындагы КРнын Ардактуу Консулу иштеп жатышат. 2020-жылдын 19-мартындагы маалымат боюнча ал жерде 157 КРнын жараны бар. 

Россия-казакстан мамлекеттик чек арасынын жабылгандыгына байланыштуу Элчилик Россиядагы Кыргызстандык жарандарга Казакстан Республикасы аркылуу Кыргыз Республикасына автоунаа менен келүү максатында россия-казакстан чек арасы тарапка баруудан баш тартууну сунуштайт.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-kazakstan-mamlekettik-chek-arasynda-chogulgan-krnyn-zharandaryna-zhardam-berildi



Добавить комментарий