Россия үчүн "достук мамиледе эмес" өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды

15 май 2021 11:33 789 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Россияга каршы "достук эмес иш-аракеттерди" жасап жаткан мамлекеттердин расмий тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын укуктук маалымат порталына жарыяланган документке шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, тизмеге АКШ жана Чехия гана кирген.

"Россия Федерациясына жана жарандарына же Орусиянын юридикалык жактарына карата достук мамиледе болбогон чет мамлекеттердин тизмеси бекитилди. Эми аларга карата президенттин жарлыгы менен белгиленген таасир көрсөтүү (каршы аракеттенүү) чаралары колдонулат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Владимир Путин апрель айынын аягында "достук мамилеси начар" өлкөлөрдүн тизмесин түзүүгө буйрук берген. Ошондой эле, Путин “достук мамлеси начар” өлкөлөрдүн тизмесиндеги мамлекеттердин элчиликтерине Орусиядан кызматкерлерди кабыл алууга чектөө киргизүү талабын койгон.

Орус өкмөтүнүн буйругуна ылайык, Чехиянын элчилигине Россияда жүргөн 19 адамды жумушка орноштурууга уруксат берилген. АКШ элчилиги Россиядан бир да жаранды кабыл ала албайт.

Ал эми, Чехиянын Тышкы иштер министрлиги буга жооп кылып, Орусияны жаңжалды күчөткүсү келип жатат деп айыптады.

"Биз Москванын мындай кадамын Прага менен гана эмес, бүтүндөй Европа Бирлиги менен чыр-чатакты күчөтүү аракети деп эсептейбиз", - деп жазылат Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Европа Кеңешинин башчысы Шарль Мишель “достук мамилеси начар” өлкөлөрдүн тизмесине кирген Чехияга тилектештигин билдирген. Ал өзүнүн твиттердеги баракчасына орус бийлигинин мындай чечимин дипломатиялык мамилелерди бузуп, эскалацияга жасалган дагы бир кадамы деп эсептээрин жазган.

Эске сала кетсек, Чехия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык чатактын чыгышына Прага 2014-жылы аскердик кампадагы жардырууга элчиликте иштеген орус тыңчыларынын тиешеси бар деген билдирүүсү себеп болгон. Мындан соң чех өкмөтү 19-апрелде 18 орусиялык дипломатты өз аймагынан чыгарган. Буга жооп кайтарып, Москва Чехиянын 20 дипломатын “персона нон-грата” деп жарыялап, алардан Орусиядан чыгып кетүүнү талап кылган.

2014-жылы 16-декабрда Чехиянын Врбетице кыштагында 50 тонна ок-дары жарылып, эки адам каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-chn-dostuk-mamlede-emes-lklrdn-tizmesi-zharyyalandy



Добавить комментарий