УЕФА Орусиянын командасын Евро-2024 чемпионатына катыштырбоо чечимин кабыл ала элек

8 сентябрь 2022 16:25 7170 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россия 2024-жылы өтө турган футбол боюнча Европа чемпионатына оюунга чыкпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) 2024-жылкы Европа чемпионатынын тандоо турниринин чүчүкулак кармоосуна Орусия курамасын киргизүү боюнча чечим кабыл ала элек.

«Бул маселе боюнча чечим кабыл алына элек», — деп билдирет ТАСС УЕФАнын басма сөз кызматына таянуу менен.

Евро-2024 тайпалык баскычынын чүчүкулак кармоо аземи 9-октябрда өтөт. Чемпионаттын өзү 2024-жылдын 14-июнунан 14-июлуна чейин өтүп, ага 24 курама команда катышат.

УЕФА Орусия курама командасын буга чейин, Улуттар Лигасынан четтетип, ошондой эле россиялык клубдарды 2022-2023 сезонунда европалык мелдештерге катыштырбоо чечимин кабыл алган.

Буга чейин, Орусиянын футбол боюнча курама командасы келерки жылы Сенегал жана Перунун командалары менен беттешүүсү мүмүмкүн экени айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-2024-zhyly-t-turgan-fktbol-boyuncha-evropa-chempionatyna-oyuunga-chykpaj-kalyshy-mmkn



Добавить комментарий