Роналду Нурмагомедов менен Гатджинин мушташы жөнүндө: "Хабиб жеңет, ал менин бир тууганым"

17 октябрь 2020 09:58 1490 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Ювентус" футболдук клубунун жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык Джастин Гатджини алдыда боло турган мушташта жеңет деп ишенет. Бул тууралуу анын соцтармакка жарыялаган маалыматына шилтеме берип  “Барометр” билдирет.

Ал Нурмагомедовду колдоорун жана анын жеңешине ишенерин айтты.

«Албетте, Хабиб жеңишке жетет. Ал менин бир тууганым”, - деп жооп берди Роналду.

Абсолюттук күрөш боюнча чемпионаттын чемпионуну (UFC) Хабиб Нурмагомедов жана убактылуу лиганын чемпиону Джастин Гаджи 24-октябрда Абу-Даби шаарында мушташышат.  Мушташ көрүүчүлөрсүз өтөт.

UFC чемпиону, 32 жаштагы Нурмагомедов 28 жолу жеңишке жетип, бир дагы жолу жеңилүү ызаасын тарткан эмес. 31 жаштагы Гатжи 24 жолу мушташып, эки ирет жеңилген.


Ссылка: https://barometr.kg/ronaldu-nurmagomedov-menen-gatdzhinin-mushtashy-zhnnd-habib-zheet-al-menin-bir-tuuganym



Добавить комментарий