Роналдо өзүнүн модага айланган чач жасалгасы үчүн күйөрмандарынан кечирим сурады
Бразилиянын мурунку чабуулчусу Роналдо (Роналдо Луис Назарио де Лима) 2002-жылы модага айланып кеткен чач жасалгасы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу спортчунун Sports Illustrated журналына берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Роналдо журналисттерге берген маегинде 2002-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалындагы чач жасалгасынан азыр уяларын мойнуна алган. Роналдонун айтымында, атүгүл апасы да Дүйнөлүк чемпионатка анын мындай чач жасалга менен чыгышына каршы болуп, андан көрө биротоло кырдырып салууну өтүнгөн.
Эске сала кетсек, 2002-жылдагы фубол боюнча Дүйнө чемпиондугуна Роналдо чачы такыр алынып, бирок, көкүлүн калтырып койгон абалда чыккан. Роналдонун бул чач жасалгасы дүйнөгө таркап, ошол жылдары модага айланып кеткен.
“Ошол жылдары мени туурап, чачын меникиндей кылып кырктырып алган балдардын ата-энелеринен кечирим сурайм”, - деди футболчу.
Роналдо бул кылыгын, бутундагы жаракатын журналисттер байкап калбаш үчүн жасаганы менен түшүндүрдү. Ал журналисттердин көңүлүн чач жасалгасына бурдургусу келген. Бразилия менен Түркиянын курама командасы беттешер алдында футболчу бутунун булчуңдарынан жаракат алган. Ошондой эле, ал бул тууралуу ЖМК менен сүйлөшкүсү келген эмес.
Роналдо алты жашынан тарта футбол ойной баштаган. 12 жашында "Валькейр" футболдук клубунун балдар командасына кошулган. Көп өтпөй ал футболдогу карьерасын "Сан-Кристован" клубунан уланткан. 1993-жылдын июль айынан 1994-жылдын август айына чейин Роналдо 57 гол киргизип, жаңы клубтун бомбардирине айланган.
Ссылка: https://barometr.kg/ronaldo-znn-modaga-ajlangan-chach-zhasalgasy-chn-kjrmandarynan-kechirim-surady
Добавить комментарий ×