РИИБде кызды өлтүргөн жигит анын көкүрөгүнө «Н+Б» деп жазган

29 май 2018 23:50 2100 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунда 29 жаштагы жигит ала качкан кыздын көкүрөгүнө бычак менен «Н+Б» деп жазып койгон. Бул тууралуу кыздын атасы Кожоналиев Турдали кабарлаганын Saat.kg. сайты маалымдады. Анын айтымында, ала качып кеткен жигит Б.М. кызынын көкүрөгүнө бычак менен «Н+Б» деп жазып койгон. Ошо менен бирге укук коргоо органдарын күнөөлөп, мыйзам чегинде жооп берүүсүн талап кылды.

27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи Май РИИБине 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында уурдап кетишкенин кыздын атасы өзү кабарлаган.

Көп өтпөй Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, унаадагы 29 жаштагы Б.М.ны (ала качкан бала), Т.Б. аттуу кызды жана 30 жаштагы С.А.ны Жайыл РИИБине алып келишкен. 20 жаштагы кызды кабыл алуу бөлүмүнө киргизишет. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (ала качкан адам) кирип келип эшикти ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы чыккандан улам, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери жерде канчалап жаткан кызды көрүшкөн. Ал эми ага кол салган жаран өзүнө да кошо бычак сайган.

Кыздын денесине 5 жолу бычак сайылып, ал алган жаракаттарынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми кылмышка шектелген 29 жаштагы таластык кишиге операция жасалып, учурда ооруканада. 30 жаштагы С.А. аттуу жүргүнчүсү Жайыл райондук ИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/riibde-kyzdy-ltrgn-zhigit-anyn-kkrgn-nb-dep-zhazgan



Добавить комментарий