Республикалык “Баластан кубогу” таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды

5 март 2020 19:03 802 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына жана “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата “Баластан” интерактив журналы, Билим берүү жана илим министрлиги биргеликте уюштуруп жаткан республикалык “Баластан кубогу” таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

28-февралда Бишкек шаарындагы Касымаалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына жана “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата “Баластан” интерактив журналы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги биргеликте уюштуруп жаткан “Баластан кубогу” таймашынын финалдык туру болуп өттү.

Финалдык таймаш 3 турдан туруп, бардык турларда алдыңкы болгон окуучулар баалуу байгелер менен сыйланышты.

1-орунду Кочкор районунун Үсөн Бейшеев атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучусу Козубекова Айназик алып, башкы байге ноутбукка жана кубокко ээ болду.

2-орунду алган Нарын районунун Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин 6-классынын окуусучу Эсенаалиев Нурэл электрондук китеп (bookreader) менен сыйланды.

3-орунга Баткен шаарынын Ленин орто мектебинин 2-классынын окуучусу Абдуллакимова Аяна, Бакай-Ата районунун Мамыт уулу Абдырахман атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучусу Раишова Уулкелсин жана Жумгал районунун Шатман Садыбакасов атындагы орто мектебинин 2-классынын окуучусу Керимбеков Бурхан ээ болуп, 3-орун үчүн коюлган велосипед жана грамота менен сыйланышты.

Таймашка өлкөнүн бардык аймагынан келген 120 окуучу катышты. 

Нарын районунун Жакып Өмүралиев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Бейшегүл Кененбаева таймашка 3 окуучусун алып келген.  Кененбаева мындай таймаштарды өткөрүү балдардын өнүгүүсү үчүн эффективдүү жол деп эсептейт. 

“Балдар жеңишке жеткендерди көрүп, алардан да мыкты болууга аракет кылышат. Мындай конкурстар балдарга чоң стимул берет”,- деп кошумчалады.

Таймаштын максаты балдар арасында кыргыз тилин жайылтуу болгондуктан, сынак кыргыз тилинде чыгып келген “Баластан” журналынын жана Адамата Алишер уулунун кыргыз тилиндеги “Карышкыр” аттуу китебинин негизинде түзүлгөн суроолор боюнча өттү.

Финалга келген бардык окуучуларга балдар китептери жана активдүү катышкандыгы үчүн грамота ыйгарылды.

Мындан сырткары, финалда жеңүүчү болгон катышуучулардын ата-энелерине ыраазычылык каты тапшырылды.

Ошондой эле, таймашты уюштуруу иштерине жигердүү катышкан мугалимдер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан грамота жана китептер менен сыйланды.

“Баластан кубогу” таймашына каттоо 2019-жылы октябрда башталган. Таймашка республиканын бардык аймактарынан 7 жаштан 12 жашка чейинки 2200 бала катталган. 2020- 27-31-январга чейин аймактарда тандоо туру өткөн. Тандоо турунда жогорку упайга ээ болгон 120 катышуучу финалга жолдомо алган.

Таймаштын максаты – балдар арасында кыргыз тилин, балдар адабиятын жана китеп окуу маданиятын жайылтуу. Балдарды жана ата-энелерди китеп, журнал окууга тартуу болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/respublikalyk-balastan-kubogu-tajmashynyn-zhechlr-anyktaldy



Добавить комментарий