Рамзан Кадыров: Ислам дини үчүн кызматтан кетүүгө даярмын
Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Франциянын президенти Эммануэль Макронго кайрылып, дин маселесине келгенде керек болсо кызматынан кетүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу Кадыровдун Телеграмм каналында жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
27-октябрь күнү Кадыров Париж Мухаммед пайгамбардын карикатураларын жарыялоону колдой берет деген француз лидеринин сөзүн айыптады. Кадыров Макрон чагымчылдыкты колдоо менен "мусулмандарды кылмышка үндөп жатат" деген пикирин билдирди. Чеченстандын башчысы Франциянын президентин "провокацияларды жана динге ишенгендерди кемсинтүүнү кеч болуп кала электе токтотууга" үндөдү.
Эртеси, 28-октябрда Россиянын президенти Владимир Путиндин пресс-катчысы Кадыровдун сөзүнө комментарий берди. Ал белгилегендей, аймактардын башчылары тышкы саясатка тиешеси жок жана бул маселелерде Кадыровду этият болууга чакырды.
Соцтармакка жазган жаңы посттунда Кадыров Макронго саясатчы катары эмес, мусулман динин тутунган адам катары кайрылгандыгын жана ал буга укуктуу деп эсептээрин белгиледи.
"Эми, мен дагы бир жолу мусулман катары Макрон жөнүндө айткан алгачкы сөздөрүмдү дагы бир жолу кайталайм жана дагы миң жолу кайталоого даярмын. Бул позициям үчүн, керек болсо, мен кызматтан кетүүгө, азап чегүүгө же өз өмүрүмдү берүүгө даярмын! Бирок унчукпай кантип карап турам. Атеисттер динди шылдыңдап жатканда, мен жөн гана тим олтура албайм! " - деди Чеченстандын башчысы.
Октябрь айында Макрон өлкөдөгү диний сепаратизмге каршы күрөш жөнүндө айтып, 9-декабрда сунуштала турган республикалык баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган мыйзам долбоорун кабыл алууга даярданып жаткандыгын жарыялады. Мамлекет башчы "Франциядагы исламды чет элдик таасирден бошотуу", ошондой эле мечиттердин каржыланышына көзөмөлдү күчөтүү керектиги жөнүндө айтты. Макрондун сөзүнүн себеби, сабакта Мухаммед пайгамбардын карикатураларын көрсөткөн тарых мугалими Самуил Патинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү болгон.
Буга чейин, француз лидери Charlie Hebdo журналынын жаңы сүрөттөрүнүн жарыяланышына комментарий берип, өлкөдө "акарат келтирүү эркиндиги" бар экендигин айткан. Пати атуу мугалим өлтүрүлгөндөн кийин, Макрон Франция мындай карикатуралардан баш тартууну ойлонбогонун айткан.
Француз лидеринин бул билдирүүсү мусулман динине ишенгендердин кыжырын келтирди.
Дүйшөмбү күнү, Чечен Республикасынын муфтийи Салах-Хаджи Межиев Макрондун аракетин "исламга карата жакшы пландалган чабуул" деп атады, анын пикири боюнча, мындай чакырыктар жаңы адамдардын курмандыктарына алып келиши мүмкүн. Диний лидер француз лидерин "адамзаттын жана бардык мусулмандардын душманы" деп атап, аны улуттар аралык жана диний кастыкты козутту деп айыптады.
Добавить комментарий ×