Рамазан айында берилүүчү садаканын өлчөмү бекитилди

14 март 2023 12:19 788 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Рамазан айында берилүүчү садаканын өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандардын дин башкарамлыгынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Муфтият ар бир мусулман пенденин байлыгы ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет өлчөмүнө жетип, колунда кармалганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз экенине токтолду.

Ошондой эле зекет берүү төрт нерседен берилерин белгиледи. Алар алтын, күмүш, нак акча жана соода-сатык ниетинде сатып алынган буюмдардан.

Мындан сырткары муфтият, садака-фитир берүүчү адам төмөндө көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры экенин эскертти.

“Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздар”,- деп билдирди муфтият.

Ссылка: https://barometr.kg/ramazan-ajynda-berilch-sadakanyn-lchm-bekitildi



Добавить комментарий