Рактын алдын алуучу касиетке ээ болгон ичимдик аныкталды

7 январь 2021 10:57 665 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Имбирь чайы күчтүү дарылык касиетке ээ, холестеринди деңгээлин төмөндөтүп, рак оорусун азайтып, муундардагы ооруну басаңдатат. Бул тууралуу Express жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Көптөгөн изилдөөлөр өсүмдүктүн тамырында кездешкен гингерол заттын эсебинен имбирдин ракка каршы касиетке ээ экендигин аныкташкан. Илимпоздордун айтымында, имбир көк чайга кошулганда эки эсе ден-соолукка пайда алып келүүчү касиетке ээ болот.

Эксперимент көрсөткөндөй, күнүнө эки грамм имбирдин экстрактын ичкен 30 адам бул өсүмдүктүн ден соолукка тийгизген пайдалуу таасиринен улам ичеги-карын рак оорусун азайтышкан.

Имбирдин курамындагы салицилатын айынан кан айлануу жакшырып турат.

Өсүмдүк ооруну басаңдатууга жана иммундук системаны чыңдоого жардам берген табигый дары катары колдонулат. Бул өз кезегинде организмге инфекциялардан тартып тамак сиңирүү органдарынын бузулушуна чейинки ооруларга каршы натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Имбир чайы тиштериңиздин ден-соолугун чыңдап, гингивит жана периодонтит ооруларын козгоочу бактериялардан сактайт.

Мындан тышкары, имбир тамак сиңирүүгө жардам берет, бирок бул чөп менен көп чай ичүү күйүккө ич өткөккө алып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/raktyn-aldyn-aluuchu-kasietke-ee-bolgon-ichimdik-anyktaldy



Добавить комментарий