"Раим миллион" мурдагы кызматына кайтты
Бөлүшүү:
Бишкек шаардык соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл арасында "Раим миллион"деген аты менен белгилүү Раимбек Матраимовду кызматына кайтарды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.
Соттук коллегия бүгүн 28-декабрда ушундай чечимди кабыл алышкан.
Раимбек Матраимов 2015-2017-жылдарда Бажы кызматынын орун басары болуп иштеген. Ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков ишенимден чыкты деген жүйөө менен кызматтан алган.
Сапар Исаков кызматынан кеткенден кийин Раимбек Матраимов негизсиз жумушунан алынганын айтып, өкмөттү сотко берген. Соттон мурунку кызматына кайра турууну суранган.
Ссылка: https://barometr.kg/raim-million-murdagy-kyzmatyna-kajtty
Добавить комментарий ×