Раим Матраимовдун футболдук кечеге келгени кызуу талкууга түштү
Бишкектеги "Фрунзе" ресторанында футболдук кече өттү. Ага өлкөнүн футболуна салым кошкондор, демөөрчүлөр чакырылды.
Кечеде өлкөнүн экс-премьер-министри, футбол федерациясынын мурдагы президенти Амангелди Муралиев, президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмаз Кененбаев, Өкмөттүн аппаратынын башчысынын орун басары Эмилбек Бусурманкулов, Кыргызстандагы дипмиссиялардын өкүлдөрү бар.
Алардын катарында Бажы башчысынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун келгени кызуу талкууга түштү.
Иш чараны Кыргызстандын футбол Федерациясы уюштуруп, 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогу медешине тандоо турундагы пландары менен бөлүштү.
Иш чаранын соңунда чакырылгандар Кыргызстандын улуттук курамасынын футболчулары менен биргеликте сүрөткө түшүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/raim-matraimovdun-futbolduk-kechege-kelgeni-kyzuu-talkuuga-tsht
Добавить комментарий ×