Путиндин Бишкекке жасаган иш сапарын 200дөн ашуун ЖМКлар чагылдырууда

28 март 2019 11:42 764 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин иш сапарын 200дөн ашык ЖМКлар чагылдырат. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Barometr.kgге президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

“Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик иш сапарын 200дөн ашык ЖМКлар чагылдырат. Алардын 150сүн жергиликтүү журналисттер, Кыргызстанда катталган эл аралык ЖМКлардын өкүлдөрү түзөт”,-деп кабарлашты  мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан.

Ошондой эле бул иш-чараны чагылдырууга Рсосиядан 70 журналист келген.

Белгилей кетсек, бүгүн Россиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик иш сапар менен келди. Путиндин учагы эл аралык “Манас” аэропортуна саат 7:30да конду.

Ссылка: https://barometr.kg/putindin-bishkekke-zhasagan-ish-saparyn-200dn-ashuun-zhmklar-chagyldyruuda



Добавить комментарий