Путин Жээнбековдун 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

16 ноябрь 2018 12:50 1269 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Владимир Путин  Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппатараттын басма сөз кызматы маалымдады. 

«Сиз мекендештериңиздин зор урматтоосуна ээсиз жана чет мамлекеттерде кадыр-баркыңыз жогору. Мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди жылдырууда Сиздин жеке салымыңыз абдан салмактуу.

Эки тараптуу жана эл аралык күн тартиби боюнча конструктивдүү диалогубузду жана биргелешкен жемиштүү иштерди улантабыз деп ишенем», — деп белгиленет Россиянын президентинин куттуктоосунда.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Ссылка: https://barometr.kg/putin-zheenbekovdun-60-zhyldyk-maarakesi-menen-kuttuktady



Добавить комментарий