Путин: Террорчу топтор коңшулаш республикаларга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн
Россиянын президенти Владимир Путин Афганистанда бир катар террорчу топтор башамаландыктан пайдаланып коңшулаш республикаларга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн деп эсептейт.Мындай жагдай Россияга жана анын союздаштарына түздөн-түз коркунуч келтирет. Бул тууралуу "Россию-24" булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
“Афганистандан баш калкалоо тапкан ар түрдүү террорчу топтордун жоочулары башаламандыктан пайдаланып чектеш мамлекеттерде эскалацияны пайда кылууга аракет жасап жатат, бул биздин өлкөгө жана биздин союздаштарга түздөн-түз коркунуч.Баңги трафигинин өсүшү мүмкүн жана мыйзамсыз миграциянын күч алышы-мунун баары бизге көйгөй жаратат”,-деп айтты Путин 24-августта “Бирдиктүү Россиянын” курултайында сүйлөп жатып.
Россиянын президентинин айтымында, Москва Афганистанда болуп жаткан жагдайларды тыкыр байкап жатат, бирок куралуу чатактарга аралашпайт.
Ошондой эле Путин күч түзүмдөрүнө Россиядагы баардык линиялар боюнча коопсуздукту камсыздоо тапшырмасын берди.
Ссылка: https://barometr.kg/putin-terrorchu-toptor-koshulash-respublikalarga-kirg-araket-kylyshy-mmkn
Добавить комментарий ×