Путин менен Жээнбеков биргелешкен билдирүү жасашат

28 март 2019 12:10 704 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан менен Россиянын президенттери биргелешкен билдирүү жасашат. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта журналисттерге президенттик аппараттан кабарлашты.  

Саат 12:00дө Владимир Путиндин жолугушуусунун расмий иш-чарасы башталат. 

Эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин адегенде тар форматтагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, андан кийин маек эки өлкөнүн делегаттарынын катышуусунда кеңейтилген форматта уланат”,-деп кабарлашты мамлекет башчысынын аппаратынан.

Жолугушуунун соңунда өлкө башчылары эки тараптуу документтерге кол коюшат, андан соң басма сөз үчүн билдирүү жасашат.

Мындан тышкары Жээнбеков менен Путин Чыңгыз Айтматов үй-музейине барышат, кийин «Хаятт» мейманканасында сегизинчи аймактар аралык конференция уланат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/putin-menen-zheenbekov-birgeleshken-bildir-zhasashat



Добавить комментарий