Путин менен Жапаров 24-майда Сочиде жолугушат

18 май 2021 16:41 1840 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен 24-майда Сочиде жолугат. Бул тууралуу РИА Новости берген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери бекемделүүдө. Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых барактары бириктирип турат. Биз өз ара ишенимди жана бири-бирибизге болгон сый-урматты сезебиз. Орусия менен Кыргызстандын соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү өз ара аракеттенишүүдө. 24-майда Сочиде боло турган президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда ушул темалардын бардыгы боюнча мазмундуу баарлашабыз", - деген Путин.

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары 10-май күнү Орусия тараптын демилгеси менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Эскерте кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров аталган иш-чарага байланыштуу бүгүн аралыктан иштөөгө өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/putin-menen-zhaparov-24-majda-sochide-zholugushat



Добавить комментарий